Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Кытай 30 млн юань өлчөмүндө материалдык-техникалык жардам көрсөтөт

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 456 | 0

«Ички иштер министрлиги менен Кытай мамлекетинин ортосундагы «Кыргыз-Кытай» газ өткөрүү жолдорунун коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташууну күчөтүү тууралуу» жана «Ички иштер министрлиги менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосунда кайтарымсыз негизде Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө» эки протоколго Ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен болгон жолугушуусунда кол коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кол коюлган протоколдордун бирин ишке ашыруунун алкагында Кытайдын Өкмөтү менен Коомдук коопсуздук министрлиги кайтарымсыз негизде Ички иштер министрлигине 30 миллион юандык жабдыктарды (полициялык) берүүсү пландалууда.

Бул материалдык-техникалык жардам Ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатууда маанилүү ролду ойномокчу.

Жолугушууда ошондой эле, мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө менен өнүгүүнүн негизги багытттарында жүргүзүлө турган иштер баса белгиленди.

 

Copyright © 2017 Maral FM