Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы ур-токмокко кабылган кыздын абалы оор

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 494 | 0

Сузак районунда ур-токмокко кабылган 2017-жылы туулган Орозбекова Айишанын абалы оор, учурда бала Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Баланын абалынан Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Мусаев барып кабар алгандыгын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

28 жаштагы баланын энеси Москва шаарынан учуп келди. Ага аталган бөлүмдүн кызматкерлери баланын кызыкчылыктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул окуяны райондук Ички иштер бөлүмү кокустук деп каттаган болчу. Физикалык зомбулук болгон деп каттатуу максатында Сузак районунун Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери чара көрүүдө.

Ошондой эле, жашы жете элек Айишанын энеси арыз менен кайрылуудан баш тарта турган болсо, бөлүм кызматкерлери мыйзамдуу өкүлү катары баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргой тургандыгын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM