Биз менен байланышыңыз

Кыргызга күч колдонгон полиция боюнча Орусия ТИМине нота жөнөтүлдү

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 214 | 0

2-ноябрда Орусиянын полиция кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонуп жатканы тууралуу видео социалдык тармактарга тараган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуя Москвада 2-ноябрда болгону аныкталды. Ошондой эле Москва шаарындагы Хорошевский райондук милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулган 21 жаштагы Кыргызстандын жаранынын өздүгү такталды.

Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота тапшырып, Москва шаардык ички иштер башкы башкармалыгына, ошондой эле Орусиянын Башкы тергөө башкармалыгына кайрылуу жолдоду.

Окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында Хорошевский районундагы полиция кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү айтылды.

Кыргызстандын жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM