Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Сауд Аравия кызматташтыгы бекемделет

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 521 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаментинен кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Copyright © 2017 Maral FM