Биз менен байланышыңыз

КЕЧКИ ЧАЙ

Блог | 14 мая 2019 | 1221 | 0

Кечки чай… Мен бүгүн тынч гана чай ичким келген. Бирок дасторкон жээги кайрадан нааразылык, наалыган, жемелеген, таарынган, сындаган кептерге мелт-калт толуп турду. Кекиртегимден чай өтпөй калды. Мындайда акырын өз бөлмөмө кетип калчу жаным араӊ олтурдум.

— Бизде баары жаман, — деди бири.

— Өткөндө бир чет өлкөлүк сураса билбей койдум бир эстеликти. Алдына ким экенин жазып койбойбу! — деди башкасы.

— Ай,  туура жаза албаган немеге эмне наам беришет? — деп кекенди төрдө олтурганы.

— Мамлекетти бири да ойлобойт экен да! — деди сөзгө аралашкысы келген бирөөсү.

— Кыргыздар келесоо да! — деди жаӊы гана баласы менен орусча сүйлөшүп олтурган орто жаштагы айым.

А мен өз чындыгымды карманып, алдымдагы салатты чукуладым. Ууртума келе калган күлкүнүн артындагы өзүмдү эстедим. Бир кезде мен да өз жолумду билбеген, өз чындыгым жок, өз багытым туман, өз пикирим да болбогон, алсыз, наалыган, ыйлаак бирөө элем. «Дүйнөдө жалгыз гана мен акылдуу, калгандын баары акмак» деп даттанчумун. Себеби, мен анда китепти өтө аз  барактаар элем, ыйманым төмөн эле. Өзүмчө акыл калчай алчу эмесмин. Сүйлөгөнүм, жүргөнүм, байкаганым, көргөнүм — баары-баары ЖАМАНДЫК эле. Тайыз элем…

Бир маалда мага сөз келди. Мен жай гана чай бергендерге ыраазычылык айттым. Анан артынан «Дүйнө сага жакпаса, дүйнөгө болгон көз карашыӊды өзгөрт», «Караӊгылыкка наалат айтпай, өзүӊ шам жак», — деген мугалимдеримдин сөзүн кайталадым. Мунум: «Жакшы көз жакшы нерсени, жаман көз жаман нерсени көрөт», — дегендей нерсени айткым келгени эле.  Кеп өзүбүздө, башкаларда эмес дегеним эле.

Кудай жалгап тасмал жээги тыптынч боло түштү. Мен анан гана жыргап чай ууртадым.  Мугалимдериме рахмат. Алардын акылы менен тынч чай ичкенди да үйрөндүм. Алар мага,  «Жан дүйнөӊө АДАМдыктын көчөтүн олтургуз», — дешер эле.  Балдарым — көчөт сыяктуу, көчөтүм — жан дүйнөмдүн байлыгы сыяктуу. Мен ошолорду адам кылуу менен алекмин. Мүмкүн мекениме кошкон эӊ чоӊ салымым ушул болоор. Караӊгылыкка жаккан шам чырагым ушул болоор.

Орозоӊор кабыл болсун бир туугандарым, мен баарыӊды кечирем, силер да менин каталарымды кечиргиле!

 

Журналист Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM