Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл интеллигенциясынын форуму өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2019 | 508 | 0

15-16-май күнү Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIV Форуму өтөт. Иш-чарага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусиядан 200дөн ашык өкүл келет.

КМШнын аткаруу комитети билдиргендей, форумдун ишине аталган өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун да катышары күтүлүүдө.

«Шериктештиктин жалпы гуманитардык мейкиндиги: маданият, билим берүү, илим чөйрөсүндөгү диалог» аттуу бул иш-чаранын алкагында аталган чөйрөдөгү кызматташуунун түрдүү аспектилери талкууланмакчы. Атап айтканда, билим берүү тармагында кызматташуунун жаңы форматы, жаштар менен иштешүүнүн үзгүлтүксүз жана инновациялык жолдору, маданияттар аралык диалог түзүү маселелери каралат.

Форумдун алкагында КМШнын «Шериктештиктин жылдыздары» мамлекеттер аралык башкы сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи болот.

Форум КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду жана Түркмөнстандын Маданият министрлигинин колдоосу менен өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM