Биз менен байланышыңыз

Ислам Каримовдун жан сакчысы жаңы кызматка ээ болду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2019 | 460 | 0

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун башкы жансакчысы, Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал Ахат Насыров Өзбекстандын Эрежесиз эр уруш жана чыгыш согуш өнөрлөрүн өнүктүрүү борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу «Sof.uz» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Ахат Насыров эрежесиз эр уруштун чебери катары белгилүү. Мындан ары ал Эрежесиз эр уруш жана чыгыш согуш өнөрлөрүн өнүктүрүү боюнча эл аралык мелдештерди уюштуруп турмакчы.

Эске салсак, Ахат Насыров Президенттин коопсуздук кызматынын жетекчилигинен Ислам Каримовдун көзү тирүүсүндө эле кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM