Биз менен байланышыңыз

WikiLeaks: Кайрадан тергөө Ассанждын ак экенин далилдейт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2019 | 475 | 0

«WikiLeaks» порталынын түзүүчүсү Жулиан Ассанждын зордуктоо кылмышы боюнча тергөөнүн кайрадан каралышы анын ак экендигин далилдөөгө, атын тазартууга жардам берет. Бул тууралуу WikiLeaks сайтынын башкы редактору, журналист Кристинн Храфнсон билдирди.

«Тергөө ишинин кайрадан жанданышы Жулиандын акталуусуна мүмкүнчүлүк жаратат», — дейт журналист.

Буга чейин Стокгольмдогу жыйында Швеция кылмыш ишин кайрадан текшерүүгө алары тууралуу айтылган болчу. Ассанж 2010-жылы Швецияда сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыпталып, 2012-жылдын июнь айынан баштап, экстрадациядан сактанып, Эквадор элчилигинде жашырынып келген. 2019-жылдын 11-апрелинде Швеция жана АКШнын ордени аркылуу кармалган. Лондондогу сот аны күнөөлүү деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM