Биз менен байланышыңыз

«Журналисттин сабалышы боюнча президент да жооп берет»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2019 | 437 | 0

Өлкөдө «температура» көтөрүлүп турат. Журналисттин сабалышы, уран маселеси азыркы бийликке чоң таасирин тийгизет. Бул тууралуу саясат талдоочу Марс Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, журналисттин сабалышына жергиликтүү бийлик эле эмес, президент Сооронбай Жээнбеков да жооп берет. Бул маселе да президентке барып такалат.

Сариев эгерде журналистти сабоо окуясы түндүктө катталганда, башкача болорун болжойт.

«Түштүктө сүйлөшүү жолу менен маселе чечүү жок, кысым жолу менен иштешет деген сөз эске келет»,  — дейт Сариев.

Эске салсак, 13-майда «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков кесиптештери менен көмүскө иштеп жаткан казинолорду тартып жатканда сабалган. Ага мекеменин күзөтчүлөрү кол салышкан.

Copyright © 2017 Maral FM