Биз менен байланышыңыз

Литва: Президенттик шайлоодо жеңүүчү аныкталган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2019 | 555 | 0

Кечээ Литва мамлекетинин президенттигине шайлоо болуп өттү. Анда ат салышкан 9 талапкердин бири да шайлоочулардын 50 % добушун ала алган жок. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан билдирүүдө айтылат.

Дүйшөмбүгө караган түнү алдын ала жарыяланган маалымат боюнча, жарышта 54 жаштагы экономика адиси Гитанас Науседа 31,18 % добуш менен алдыга чыккан. Өлкөнүн мурдагы финансы министри 44 жаштагы Ингрида Шимоните айым 27,16 % менен экинчи сапта. Ал эми өлкөнүн премьер-министри Саулюс Сквернялис үчүнчүдө калды.

Шайлоонун экинчи туру бир жумадан кийин өтөт. Кошумчалай кетүүчү жагдай, экинчи турга өтпөй калган премьер-министр Саулюс Сквернялис кызматынан баш тартканын жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM