Биз менен байланышыңыз

Футбол: АПЛде «Манчестер Сити» чемпион

Кыска кабар , Спорт | 13 мая 2019 | 131 | 0

Мелдештин акыркы туруна чейин жеңүүчү белгисиз болуп келген Англия премьер-лигасында (АПЛ) — «Манчестер Сити» чемпион.

Хосеп Гвардиола башында турган «Манчестер Сити» муну менен АПЛде экинчи ирет удаасы менен чемпион болду.

Болгону 1 упай айырмачылыгы менен мөөрөй талашып келаткан «Ливерпуль» экинчи орунда калды.

Юрген Клопптун шакирттери өз үйүндө «Вулверхэмптон» клубун кабыл алып 2:0 эсебинде утту. Деген менен бул жеңиш аларга чемпиондук алып келе алган жок.

Брайтонго конокко барган Ман Сити 1:4 эсебинде жеңишти камсыздап, Англия премьер-лигасынын 2019-жылдагы чемпиону болду.

Copyright © 2017 Maral FM