Биз менен байланышыңыз

13-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2019 | 587 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 13-майда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаашы күтулөт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнү: 9…14….күндүз: 22…27;

Талас облусунда

түнү: 8…13….күндүз: 21…26;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнү: 11…16….күндүз: 25…30;

Ысык-Көл облусунда

түнү: 4…9….күндүз: 16…21;

Нарын облусунда

түнү: 4…9…күндүз: 17…22;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 24….26, түнкүсүн 10…12градус болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM