Биз менен байланышыңыз

Албанияда миңдеген демонстранттар митингге чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2019 | 549 | 0

Албаниянын борбор шаары Тиранда миңдеген демонстранттар парламенттин имаратынын алдында чогулуп, митинг өткөрүштү. Алар Министрлер кеңешинин төрагасы Эди Раманын отставкага кетүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Чогулган эл полиция кызматкерлерине карата күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Аларга жооп катары полиция кызматкерлери  көздөн жаш агызуучу газ жана суу замбиректерин колдонушкан.

Жыйынтыгында нааразылык акциясында 20га жакын укук коргоо кызматкери жараат алып, 10го жакын адам жабыркаган.

Эске салсак, өлкөдө февралда митингдер башталып, Албан социал-демократ партиясын жана анын төрагасын паракорлук менен айыптап келишет.

Copyright © 2017 Maral FM