Биз менен байланышыңыз

Албания: Өкмөт башчынын унаасы таш бараңга алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 435 | 0

Албаниядагы саясий кризистен улам митингге чыккан эл премьер-министр Эди Раманын кортежин таш бараңга алды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар кабарлады.

Либраж шаарында митингчилер премьер-министрдин кортежин тосуп чыгып, унааларга таш атып башташкан. Мындан улам, айдоочулар айланма жол менен кетүүгө аргасыз болушкан.

«Эди Рама унаалар таш бараңга алынганда, олуттуу көйгөйдөн кутулуп кетти. Анын айдоочусу башка жол менен качууга мажбур болду», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, массалык тополоңду уюштуруп жаткан оппозиционерлер бир нече күн мурда, «Өлкө президенти Илир Мета муниципалдык шайлоолорду жокко чыгаруу менен Албанияны мамлекеттик төңкөрүшкө кептеди», — деп айтып чыгышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM