Биз менен байланышыңыз

Шашылыш эскертүү: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 11 мая 2019 | 568 | 0

Кыргызгидромет борбору шашылыш эскертүү таратты. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас жана Баткендин тоолуу райондорунда добул уруп, жамгыр жаайт, бийик тоолуу жерлерде нөшөрлөп куят.

12-май күнү Чүй, Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында катуу жамгыр күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда мал кармоону кыйындатарын, автоунаалардын жүрүшүнө, байланыш, энергетика жана коммуналдык чарбанын ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин эскертет.

Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал.

Copyright © 2017 Maral FM