Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы өрттөн бир адам жабыркап, 2 миң адам көчүрүлдү

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 824 | 0

Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм, 2 автошаты тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси, полковник Абдулнасир Закиров билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда өрттү өчүрүүгө ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, райондук электр тармактары кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасынан бир өрт өчүрүүчү унаа жардам көрсөтүшүүдө.

Болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга көчүрүлдү.

Министрдин буйругунун негизинде ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын күч түзүмдөрү, Ош облустук башкармалыгынан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүмү жана көбүк (пена) тартылууда.

Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов  Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү онлайн режимде көзөмөлдөп жатат.

Учурда өрттөн жабыркаган 1995-жылы туулган Ж. у. Б. аттуу жаран Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM