Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Вьетнамдын башкаруучу партиясынын делегациясын кабыл алды

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 473 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Вьетнамдын башкаруучу — Коммунисттик партиясынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу КСДП партиясынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле КСДП менен Вьетнамдын Коммунисттик партиясынын кызматташтыгы тууралуу сөз болду.

Коммунисттик партиянын делегациясынын башчысы, эл аралык байланыштар боюнча бөлүм башчысы Нгуен Туан Фонг Кыргызстан менен Вьетнамдын кызматташтыгына кызыкдарлыгын билдирди.

«СССР кыйрагандан кийин Вьетнам менен Кыргызстандын алакасы үзүлүп калган. Биз өкмөттөр жана партиялар аралык достукту кайра бекемдегибиз келет», – дейт вьетнамдык делегациянын башчысы.

Ал партиялар аралык байланышты күчөтүү максатында Алмазбек Атамбаевди Вьетнамга чакырды.

Кошумчаласак, 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM