Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарындагы мунай базадан чыккан өрттү өчүрүү уланууда

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 449 | 0

Жалал-Абад шаарындагы мунай базадан чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм тартылды. Учурда кырсыкты четтетүү аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

ӨКМге шаардын Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык жана аймактык бөлүмдөрүнөн, жалпысынан 7 бөлүм тартылган.

Өрттү өчүрүү иштеринин жүрүшүн ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысы Абулнасир Закиров жеринен көзөмөлдөп жатат.

Мындан сырткары саат 11:00дө министрликтин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу чыгып кетти. Өрт чыккан жерде милиция кызматкерлери, тез жардам кызматынан 1 бригада иш алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM