Биз менен байланышыңыз

Казак бийлиги социалдык тармактарга да бөгөт койду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 мая 2019 | 473 | 0

Бүгүн, 9-майда, Казакстандын тургундары социалдык тармактарга кирүүдө кыйынчылык тартышууда. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

Нур-Султан жана Алматы шаарларынын тургундары Facebook, Instagram, Telegram жана WhatsApp социалдык тармактарына кирүүдө мобилдик интернеттин кемчиликтеринен улам кыйынчылыктар жаралганын айтышууда.

Ошондой эле, шаар тургундары сатып алууларда интернет байланыштын төмөндүгүнөн төлөм карталарын колдоно албай кыйынчылык тартышууда. Шаардагы дүкөндөр накталай төлөм менен гана иш жүргүзүүдө.

Буга чейин Казакстандагы бир канча көз карандысыз маалымат каражаттарынын интернет сайттарына бөгөт коюлганы айтылган болчу.

Эске салсак, буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы жарандарды 9-майда митингге чыкпоого жана ар кандай чакырыктарга алдырбоого чакырган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM