Биз менен байланышыңыз

«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы менен кызматташуу талкууланды

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 471 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын директорлор кеңешинин жана аткаруу комитетинин төрагасы Илькер Айджи менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы менен кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, башка каттамдар боюнча Кыргызстандын аймактарында «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын каттамын жандандыруу маселесине, ошондой эле «Манас» аэропортунун транзиттик дараметин пайдалануу маселесине кыргыз тарап өзгөчө көңүл бурду.

Copyright © 2017 Maral FM