Биз менен байланышыңыз

Ошто Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленди

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 444 | 0

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 74 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык салтанатка вице-премьер министр Замирбек Аскаров, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, күч түзүмдөрдүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Алгач, согуштун ардагерлери жана жетекчилер «Өчпөс от» мемориалдык комплексине гүлчамбарларды коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.
Андан соң, Курманжан Датка көчөсү аркылуу шаардык мэриянын эски имаратынан борбордук аянтка чейин «Өлбөс-өчпөс полк» жүрүшү өттү.

Борбордук аянттагы майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө согуш ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлүп, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланды. Ошондой эле, Токтогул Сатылганов эс алуу багындагы «Этно» кафесинде ардагерлерге «Аскер тамагы» берилди.

Майрамдык иш-чарага 15 миңден ашуун адам катышты.

Кошумчалай кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Алардын ичинен 3 627си курман болгон. Бүгүнкү күндө согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 7 катышуучусу, 19 ооруктун каарманы Жеңиштин 74 жылдыгын майрамдап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM