Биз менен байланышыңыз

Түркияга жумуш визасы 283 доллардан 30 долларга түштү

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 785 | 0

Кыргызстандын жана Түркиянын Тышкы иштер министрлери Чынгыз Айдарбеков жана Мевлют Чавушоглу эки өлкөнүн жумуш визасынын тарифин 283 доллардан 30 долларга түшүрүү боюнча макулдашышты. Жаңы тарифтер 15-майдан баштап иштеп баштайт. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлери мындан сырткары, саламаттыкты сактоо жана медициналык билим алуу тармагында кызматташуу боюнча жакынкы убакта макулдашууларга кол коюу тууралуу сүйлөшүштү. Жаңы макулдашууда буга чейинки Кыргызстандын жарандары үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга болгон квотаны 100дөн 150гө чейин көбөйтүү каралмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM