Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Түркия: миграция маселелери талкууланды

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 689 | 0

26- февралда Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орунбасары С. Токтоболотов жетектеген делегациялык топ Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана коомдук кызмат министрлигинин улуттар аралык жумушчу күчү бөлүмүнүн башкы мүдүрү Саадеттин Акйыл жетектеген жумушчу топ менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мыйзамсыз мигранттардын алдын алуу, легалдуу эмес импорттоолор, адам сатуу жана башка темаларда кеп козголду.

Мындан сырткары чет өлкөлүк жараандардын убактылуу жашап туруу укугун жана эмгегин жөнгө салуу тууралуу эки өлкөнүн учурдагы мыйзамдарды жана кызматташтыкты күчөтүүнү сүйлөшүштү.

Copyright © 2017 Maral FM