Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облустук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө 2 жашар кыз оор абалда түштү

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 517 | 0

Жалал-Абад облустук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө «Тез жардам» кызматы менен 2 жашар кыз оор абалда келип түштү. Мындай маалыматты аталган облустук ооруканадан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 2 жашар кыз 7-майда оор абалда ооруканага келип түшкөн. Денесинде көк ала тактар болгон. Ал Сузак районунан келгендигин, учурда же сүйлөп же ыйлай албай турган абалда экендигин ооруканадан билдиришти.

«Ага  жабык баш мээ жаракаты деген диагноз коюлду, баш мээси чайкалган, мээсинде шишик бар», — дешет.

Облустун Ички иштер башкармалыгы аталган факт боюнча жазалардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине каттап, тиешелүү материалдар чогултулууну жана сотко чейинки өндүрүш иштерин баштады.

Жакын туугандары кыздын бир жума мурда тепкичтен жыгылып, башы менен түшкөнүн айтышууда.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, апасы кызды таенесине таштап, өзү Орусияда иштегени кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM