Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: «Туристтик келишим түзүүдөн кечигип жатабыз»

Коом | 9 мая 2019 | 679 | 0

Бул жылы «ITF — Ысык-Көл» эл аралык туристтик жарманке 18-майда өтөт. Иш-чарага жергиликтүү ишкерлерден сырткары, 5-6 мамлекеттен өкүлдөр келери күтүлүп жатат. Андыктан, азыркы тапта чет элдиктер менен келишимдерди түзүп, сезонду ойдогудай өткөрүү үчүн бардык эс алуу жайлар даярдыктан өтүүдө.

Ысык-Көл районундагы 160 пансионаттын ичинен жеке менчик эс алуу жайлардын кабыл алуу шарттары алда канча жогору. Ошентсе да, мамлекеттик маанидеги санаторийлер эми атаандашмакчы. Анын катарында Бостери айылындагы «Кыргыз Деӊизи» эс алуу жайы 72 миллион сомго жаӊылануу иштерин жасаганын жетекчиси Жалил Бозгорпоев билдирди.

— Туристтик жарманкеге биз өзүбүздүн жарнамалык өндүрүмдөрүбүздү алып чыгабыз. Анда бир жыл ичинде кандай жаӊылануулар болгонун, кандай өзгөчөлүктөр киргенин маалымдайбыз. Биздин пансионат быйылкы жылы 72 миллион сомдук салым коштук. Анын эсебинен 60 номер капиталдык оӊдоодон өттү, ден соолукту чыӊдоочу бөлүккө медициналык жабдууларды алдык. Эски эмеректерди жаӊыладык.

Жайкы туризмге карата мындай атаандаштык Каракол шаарындагы мейманканалар арасында да орун алды. Себеби, акыркы 2 жылдан бери шаар ичине 200гө жакын чакан мейманкана курулуп, алды чет элдик каада менен тейлөөнү да киргизишти. Алардын ичинен 7 жылдан бери иштеп келген «Тагай тай» конок үйүнүн администратору Айжаркын Касымбекова буларга токтолду.

— Алдыдагы июнь, июль, август айларына карата эс алуучулардын жайгаша турган орундарын камсыздоого эрте камылга көрүүдөбүз. Алар азыр интернет аркылуу да мейманканаларды тандоосу мүмкүн. Айрыкча, тоо туризми боюнча Каракол шаарындагы мейманканаларда атаандаштык күч.  Ошого байланыштуу тейлөө шарттарды жана өтө жогору эмес бааларды ачык-айкын жарнамалайбыз. Ѳткөн жылы Америка, Кытай, Европа, Япониядан жарандар келишкен. Эми бул жылкы сезон кандай болорун убакыт көргөзөт.

Айтмакчы, бул сыяктуу эс алуу жайлардын ээлери алдыда өтө турган эл аралык туристтик жарманкеге да камынууда. Себеби, Казакстан, Ѳзбекстан, Орусиядан сырткары, Грузия, Монголия жана Азербайжан мамлекеттеринен да компания өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Анда Ысык-Көлдө болгон мүмкүнчүлүк көргөзүлүп, келишим түзүлөрүн облустук Туризм жана инвестиция тартуу секторунун башчысы Нурбек Исланов билдирди.

— «ITF-Ысык-Көл» эл аралык туристтик жарманкеге азырынча 100дөн ашуун жергиликтүү компания ээлери катышары пландалып жатат. Туристтик жарманкенин негизги максаты: облустун туризм боюнча дараметин көрсөтүүгө жардам берүү. Анын алкагында туризм жана бизнес чөйрөсү чет элдик өкүлдөр менен келишим түзөт. Мындан улам, катышуучулардын санын жыл сайын көбөйткөнгө аракет кылабыз.

Алдыда ушундай пландар болсо да, жеке ишкерлер арасында күмөн санагандар бар. Анткени, чет элдик өкүлдөр менен келишим түзө турган мезгил 10 күнгө кечикти. Андыктан, келе турган меймандар башка өлкөнү тандап алуусу ыктымал. Аркасында көп тоскоолдуктар бар экенин облустук Эс алуучу жайлар ассоциациясынын төрагасы Акжолтой Насирдинов маалымдады.

— Туризм департаменти туристтик жарманкени «Бишкекте же Чолпон-Атада өтөт» деген ар кандай талаш менен убакытты созуп коюшту. Мурда жыл сайын май айынын башында уюштурулуп, чет элдик туристтик операторлор эрте келишим түзүп, жолдомо сатылчу. Азыркы тапта кечигип калганга байланыштуу бизге дооматтарды коюп жатышат. Барыбызга белгилүү болгондой, туристтер эс алуу мөөнөтүн 2-3 ай мурда пландаштырат. Эми алар башка мамлекеттерге кетип калышы да мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM