Биз менен байланышыңыз

Малды идентификациялоо үчүнчү окуудан өттү

Пикирлер | 8 мая 2019 | 763 | 0

Колдонуудагы мыйзамда белгиленген шарттар жаныбарларды идентификациялоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Бирок, эркин жүргөн жана короодо кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо конкреттештирилип кеӊейтилүүдө.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов депутат Тариел Жоробековдун суроолоруна жооп берип жатып, малды идентификациялоону көзөмөлдөөдөгү маселелерге токтолду.

— Азыр бул маселеге жолтоо болгон эки көйгөй бар: биринчиси, 91 айыл өкмөттө интернеттин жоктугу; экинчиси, атайын касапканалардын жетишсиздиги. Эгер ушул эки көйгөй чечилсе, идентификациялоо маселеси өзүнөн-өзү чечилет.

Мындан сырткары, мыйзам долбоорунда расмий идентификациялоо жана каттоо системасы түзүлбөгөн өлкөлөрдөн импорттолуп келинген, ошондой эле үй шартында, зоологиялык парктарда, цирктерде, коммерциялык максаттарда пайдаланууга алынып келинген, идентификацияланбаган жаныбарлар боюнча жобо каралууда. Буга байланыштуу эл өкүлү Сайдулла Нышанов жапайы жаныбарлардан жуккан оорулар боюнча суроо салды.

Нышанов:Үй жаныбарларынын каттоосу болот, качан вакцина алгандыгын, кайсыл жерден кайсыл ооруну жугузганын кароо да жеңил болот. Ошол эле учурда, жапайы жаныбарлардан жуккан оорулар да бар, алар боюнча маселе кандай болот?

Жумаканов: — Жапайы жаныбарлар көп ооруларды алып жүрүүчү болуп эсептелет. Көбүнчөсү 6-7 жылга чейин сактайт ооруну. Эмделбеген мал жанына келсе эле жугат. Бул боюнча алдыңкы өлкөлөрдө талаага вакциналарды, дарыларды чачат. Келечекте биз да ушундай ыкманы колдонууну ойлонуп жатабыз. Азыр эми биринчи үй жаныбарларын системага келтирип алсак.

2017-жылы 411 миң ит идентификацияланса, үстүбүздөгү жылдын 5 айында 1 млн. 711 миң уй идентификацияланып бүткөн. Жаныбарларды каттоо, алардан жуккан оорулардын алдын алат. Депутат Махабат Мавлянова бул максаттын жйынтыктарына кызыкты.

Мавлянова: — Малды идентификациялоо адамга жугуучу ооруларды азайтат. Бул максат кандай камсыз болуп жатат?

Жумаканов: — Махабат Эргешовна, туура айттыңыз. Биз ошон үчүн биринчи иттен баштаганбыз. Өзүңүз билесиз, иттен эхинококкоз жугат. Дарыгерлер абал начар деп катуу чуу көтөрүшкөн. Мындан сырткары, альвеококкоз, анан кутурма оорусу бар. Идентификациянын эсебинен интернетке да маалымат чыгып жатат, эхинококкоз менен ооруган адам 2 жылдын ичинде 279га азайды.

Бүгүнкү күндө бирканы малдын кулагына тагуу менен эле идентификация процесси бүтүп калууда. Малдын андан аркы багылышына, сатылышына, союлушуна чейинки процесстер толук түрдө, тыкыр көзөмөлдө болушу керектигин депутат Зияидин Жамалидинов билдирди.

— Идентификация Кыргызстанда 2014-жылы башталган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин 100 % идентификацияга өтө элекпиз. Мисалы, уйду былтыркы жылы бүтүрүшкөн, бирок ал кулагына бирка тагуу менен эле чектелген. Ал эми союлган мал боюнча каттоо жок.  Ветеринар жылына төрт жолу ар бир малды карап, вакцинацияны да берип турушу керек. Вакцинация берилгендиги боюнча маалымат компьютерге катталуусу зарыл. Бүгүнкү күндө андай иштер жүрбөй жатат.

Ошондой эле, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов суроолорго жооп берип жатып, жаныбардан алынган азыктардын сапаты боюнча маселе жаралбоосу үчүн эмне документтер сакталуусу керектигин түшүндүрүп берди.

— Биз идентификация кылгандан кийин, мисалы ал ветеринардын сертификаты менен союуга кетет.  Эгер эт боюнча чыр болуп калса, же дүкөндө сатып алуучу менен маселе жаралса, көрсөтүү үчүн ошол сертификаттын көчүрмөсү бир жыл сакталышы керек.

Талкууда бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдоо зарылдыгын, долбоор кабыл алынганда анын аткарылышын камсыздоо керектигин баса белгилешти.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда бир добуштан кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM