Биз менен байланышыңыз

Гройсман: Киев Донбасс тургундарына берилген орус паспортун тааныбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 мая 2019 | 549 | 0

Донбассс жана Луганскта жашаган украиндерге берилген Орусиянын паспорту мыйзамсыз болуп саналат. Бул тууралуу Украина премьер-министри Владимир Гройсман билдирди.

«Биздин аймакта жашагандарга берилген паспорттор мыйзамсыз деп табылат жана мындай аракет эл аралык мыйзамдарды бузуу катары таанылат. Мындай чечим бүгүн министрлер кабинетинин чогулушунда кабыл алынат», — дейт премьер-министр.

Эске салсак, ушул жылдын 24-апрелинде Орусия президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун Орусия паспортун алуу укугун жеңилдетүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, Украинанын Крым, Севастополь, Донбасс, Луганск аймактарындагы жарандарга паспорт берүүдө жеңилдиктер каралары белгилүү болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM