Биз менен байланышыңыз

ЕККУ тажик бийлигин сайттарды жаппоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 мая 2019 | 601 | 0

Массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча талкууда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Арлем Дезир Тажикстан бийлигин интернет сайттарын активдештирүүгө, онлайн ММКларды ишке киргизүүгө жана Google кызматын кошууга чакырды.

Мындан тышкары, ЕККУ улуттук жана эл аралык жаңылыктардан кабардар болуп туруу үчүн толук жана чектөөсүз интернет түзүп берүүнү сунуштап, маалыматтарга эркиндик болмоюнча, калк оюн так жеткире албасын билдирди.

Эске салсак, Тажикстанда акыркы 10 күндө социалдык тармактар жана мессенжерлердин тиркемелери өчүрүлүп, интернет-браузерлер үзгүлтүккө учураган. Азия Плюс,  Avesta жана Ozodi веб-сайттары чектөөгө алынган.

Белгилей кетсек, Тажикстанда акыркы учурларда сөз эркиндиги төмөндөп кеткен. Бир жыл ичинде сөз эркиндигине болгон кысым күчөп, 12 кадам артка кетип, 161-катардан орун алган. Көпчүлүк көз карандысыз тажик ММКлары куугунтукка кабылып, же жабылууга аргасыз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM