Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда өндүрүлгөн эт өлкө калкын камсыздаганга жетпейт

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 614 | 0

Кыргызстанда өндүрүлгөн эт өлкө калкын камсыздаганга жетпейт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Министрдин орун басары Жогорку Кеңеште «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жатканда, депутат Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Эгерде той-аштардагы союлган малды эске алганда, анда жетиши мүмкүн, бирок алар бизде эсепке алынбайт. Идентификация иши өткөрүлүп бүтсө, мунун баары анык болот», — деди Жаныбек Керималиев.

Copyright © 2017 Maral FM