Биз менен байланышыңыз

«Бажылык жөнгө салуу» мыйзамына кол коюлду

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 441 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бажылык жөнгө салуу» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 14-мартта кабыл алынган. Мыйзамдын максаты: Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылуучу бажылык укук мамилелерин, ошондой эле, ЕАЭБ Бажы кодекси жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар менен жөнгө салынбаган бажылык укук мамилелерин жөнгө салуу болуп саналат.

Бул мыйзам Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБнин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү, алардын Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБнин бажы аймагында же анын чегинен тышкары туруусунун жана анын пайдаланылуусунун тартибин жана шарттарын, товарларды бажы аймагына алып келүүгө жана бажы аймагынан алып чыгууга, товарларды убактылуу сактоо, аларды бажылык декларациялоого жана чыгарууга байланышкан бажы операцияларын, башка бажы операцияларын жүргүзүү тартибин, атайын демпингге каршы компенсациялык алымдарды төлөө жана бажы көзөмөлүн жүргүзүү тартибин белгилөөгө байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салуу, ошондой эле бажы органдары менен бажы аймагында же анын чегинен тышкары товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу адамдардын ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салууну камтыйт.

Кабыл алынган мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, колдонуудагы «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргызстандын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM