Биз менен байланышыңыз

«Маралда» майрам: эфирди «ээлеген» атактуулар

Билим-маданият | 7 мая 2019 | 1475 | 0

«Марал» радиосу 7-май — радио күнүнө карата атайын чыгарылыш уюштуруп, анда саясатчылар, депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер, активисттер жана маданият өкүлдөрү эфир алып барышууда.

«Күн чабыт» программасын КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева алып барды. Мурда теледе эфирге чыкканы үчүн анчейин кыйналбаганын айтты. Бирок радиодо алгачкы жолу чыкканын айтып, ою менен бөлүштү.

— Радионун түз эфирине биринчи жолу чыктым. Толкундандым. Уктуруу башталганда, өзүмдү эркин сезип калдым. Радиоңуздарды калыс чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаты катары тааныйбыз.

Демейде бизде диктор саат башында жаңылык окуу үчүн студияга 5 мүнөт эрте келет. Саат 8де угармандарыбызга Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу кабар окуп бермек. Көрсөтүлгөн убакытка 3 мүнөт калганда келгенине карабай, жаңылыктарды жаңылбай айтып берди.

— Эфирдин сүрү бар экен. Убакыт келип, режиссёр кол шилтегенде, окуп жетишүү керек экен.

Эл өкүлүнүн белгилешинче, «Маралдын» уктуруулары саясаттан баштап, өнөр, диний темаларга чейин абдан кызыктуу. Радио кыска убакыттын ичинде өзүнө көп угарман топтой алды деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Айлампа» программасын алып баруу үчүн 2 күн даярданып, маалыматтарын чогултуп келген. Себеби ал эфирде алып баруучу болуу чоң жоопкерчилик деп эсептейт. Унаада жүргөндө такай «Марал» радиосун угарын айтып, ой бөлүштү.

-Анткени «Марал» бейтарап, калыс маалыматтарды чыгарат. Айрым радиолордо жалаң мактоо болсо, башкаларында жамандаган эфирлер чыгат. Сиздерден (ред: Маралдан) калыс чагылдырылган маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк бар. 

«Дүйнөдөгү дүрбөлөң» программасы. Мирлан Самыйкожо Назира Айтбекованы эфирге даярдап жаткан учуру.

А бул видеодон болсо Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун, теле алып баруучу Назира Айтбекова, куудул Жакут Сыдыков жана Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевдин эфирлерин да көрө аласыздар.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев комуз кармап, төгүп, эл алдында сүйлөп келген болсо, бул жолу диктордун кызматын аркалады. Өзүнүн журналисттик ишине эл баа берсин деп, «Марал» тууралуу жакшы ойлору менен бөлүштү.

-«Марал» — акылга акыл, насаатка насаат, ыйманга ыйман кошо турган, элди биримдикке чакырган радио. Кайсы гана тармакты албайлы, маданияттын да, саясаттын да, эл аралык жаңылыктарды да, ыйман-ырашкерлик жагын да камтыйт. Руханий баалуулуктарды алып жүргөн радио деп эсептейм. Ошол себептен кыргыз эли жан дүйнөсүнө жакын тутуп угат болуш керек. Жеңил-желпи маалыматтардан алыссыңар. Ошондуктан силердин радиону сыйлагандардын катарындамын.

Эфирге даярданып жаткан учур.

Ошондой эле укук коргоочу Рита Карасартова да өзүн радио берүүдө сынап көрдү жана кандай сезимдер болгонун айтып берди.

Депутат Эльвира Сурабалдиева экономикалык багыттагы «Бизнес-клуб» программасын алып барды. Анда ал «Келин на час» ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маек курду.

Ошондой эле медиаэксперт Азамат Тынаев да алгачкы ирет радио эфирге чыгып, «Дүйнө дүбүртү» программасын алып барды.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун төрагасы Алмаз Турдалиев да кабар окуп, радиодо жүргөн күндөрүн эске салды. Арадан көп убакыт өткөнүн айтып, бирок эфирди унутпаганын белгиледи.

Бул иш-чарада өткөн жылы да уюштурулган. Анда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да келип, түз эфирде жаңылык окуган болчу. Ошол саамалык ага жакканын айтып, быйылкы чакырууну да кубануу менен кабыл алганын жашырган жок.

-«Маралдын» саясий жана маданиятка байланышкан жаңылыктарын, берүүлөрүн угуп турам, — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер-Нияз менен Чыныбай Турсунбековго биздин студиябыз чер жазганга ыңгайлуу жай болду көрүнөт. Алар «РухЭш» адабий программасында кобурашып, ортодо ырларды окуп, мыкты уктуруу болду. Чыныбай Турсунбеков бул иш-чара тууралуу алкоо сөзүн айтты.

-Мындай чыгармачылык изденүүдөн соң «Маралдын» эмгек жамаатына ыраазычылык айткандан башка сөз жок. Ийгиликтерди каалайм, — деди эл өкүлү.

Майрамдын ортосунда да калктын көйгөйүн чечүү аракеттери көрүлдү. Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев «Талаш-талкуу» интерактивдик уктурууну алып барып, шаардыктардын суроолоруна жооп берди. Айрым маселелерди кагазына жазып алып, «тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берем» деген бойдон кетти.

Бул видеодо болсо «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов жана КРнын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин жаңылык окуганын көрсөңүздөр болот.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун кеңешчиси Эсенгул Исаков да жаңылык окуп, Марал радиосу тууралуу ойлору менен бөлүштү

Эскерте кетсек, 7-май – радио күнүнө карата «Марал» радиосунда атайын уктуруулар болуп, анда саясатчылар, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү жана таанымал инсандар эфир алып барышты.

Copyright © 2017 Maral FM