Биз менен байланышыңыз

Президент «Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо» тууралуу жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 393 | 0

Кыргыз Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо» долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу ратификацияланды. Мындай жарлыкка өлкө башчысы кол койгонун Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзамга 2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 2-майында кабыл алынган.

«Жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун белгиленген тартипте күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарлоого тийиш», — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM