Биз менен байланышыңыз

Эмомали Рахмон дыйкандарды орозону башка убакта кармоону сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2019 | 638 | 0

Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон телекайрылуусунда мусулмандардын ыйык айы Рамазандын күндүн ысык мезилге туш келип калганына байланыштуу, дыйкандар жана оор жумуштарда эмгектенгендер орозо кармоо менен жан чыдагыс кыйынчылыкка туш келип, ден соолугуна коркунуч туулушу мүмкүн экенин айтты.

Эмомали Рахмон билдиргендей, дыйкандардын орозо тутуусу түшүмдүн кеч жыйналуусуна алып келип, айыл чарба өндүрүмдөрүнүн баасынын кымбатташына жана башка бир канча маселелердин жаралышына алып келиши мүмкүн.

«Мусулман аалымдарынын эмгектеринде айтылгандай, жумушчулар жана дыйкандар, дегеле, кара жумуш менен алектенгендер орозо кармабай коюуга болот. Ал адамдар өздөрүнө ыңгайлуу башка учурда орозо кармоосуна шарият уруксат берет. Ушундай эле мааниде  «Ниса» сүрөсүндө  «Өзүңөрдү кыйнабагыла. Чындыгында, Кудай силерге ырайым кылат», — делинет», — деп Эмомали Рахмон айткандыгын президенттин маалымат кызматы билдирген.

Ошондой эле, мамлекет башчысы Рамазан айында базарлардагы баалардын жогорулашын сынга алган.

Copyright © 2017 Maral FM