Биз менен байланышыңыз

Кырсыктан кийин «Аэрофлоттун» акциясы 3 пайызга төмөндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2019 | 490 | 0

Шереметьево аэропортунда болгон авиакырсыктан соң, Москва биржа соодасынын ачылышында «Аэрофлоттун» акциясы 3,3 %га, тактап айтканда, ар бир кагазы 93,5 рублга чейин түшүп кетти.

Жекшемби күнү «Аэрофлот» компаниясынын, Sukhoi Superjet-100 учагы кырсыктап, анын айынан 41 адам каза болгон. Учактын ичинде жалпы 78 адам бар эле.

Буга чейин, учактын бортунан «кара жашиктер» табылганы айтылган. Аталган факты боюнча Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш жаза кодексинин 263-беренесинин (коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш ишин козгоду.

Copyright © 2017 Maral FM