Биз менен байланышыңыз

Москва: 41 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгына экипаж командири айыпталууда

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 557 | 0

5- майда Москвадагы Шереметьево аэропортунда болгон өрт кырсыгын изилдөө иштери жыйынтыкталды. Кырсыктын себебине экипаж командири Денис Евдокимов күнөөлүү деп табылганын Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасынын орун басары Игорь Краснов билдирди.

Анын айтымында, кырсыкка эч кандай техникалык себептин таасири болгон эмес, башкаруу учурунда командирден катачылык кеткен.

Алгач «өрт электр жабдууларынан кеткен мүчүлүштүктөн улам чыккан» деген божомол айтылса, кийин синоптиктер «учакка чагылган тийген» деген версияны жарыялашкан болчу.

Учурда капитан Евдокимов экспертиза жыйынтыктары менен таанышууда. Буга чейин анын жактоочусу Евдокимов күнөөлүү эместигин, ал азырынча сыртка чыкпоо келишими менен жүргөнүн билдирген.

Эске салсак, 2019-жылдын 5-майында Москвадан Мурманск шаарына жөнөгөн учак авариялык кырдаалдан улам кайра конуу учурунда өрттөнүп кеткен. Sukhoi Superjet-100 (SSJ-100) учагы Шереметьево аэропортуна конгон учурда өрт жалмаган. Кырсыктын кесепетинен 40 жүргүнчү, 1 экипаж мүчөсү каза болгон. Бардыгы учакта 73 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү бар болчу.

Copyright © 2017 Maral FM