Биз менен байланышыңыз

Казыяттар футбол талаасында күч сынашты

Кыска кабар , Спорт | 4 мая 2019 | 703 | 0

Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы өлкө аймагындагы казыяттар арасында «Спорт – ден соолуктун булагы, ынтымак — ийгиликтин башаты» деген чакырыктын асында футболдук мелдеш өткөрдү.

Бул тууралуу Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев билдирди. Анын айтымында, мелдештин жыйынтыгында Ош облустук казыяты чемпион болду.

«Бул алгачкы ирет өтүп жаткандыктан, абдан кызыктуу болду. Максатыбыз казыяттар арасындагы байланышты, ынтымакты жана тажрыйба алмашууну бекемдөө», — деди Жоробай ажы Шергазиев.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, орун басары Жоробай ажы Шергазиев, Өкмөткө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Эркинбек Абдылдаев жана Муфтият кызматкерлери катышты.

Мелдештин жыйынтыгы менен мыкты коргоочу, мыкты чабуулчу жана мыкты дарбазачы аныкталып, белектер берилди.

Бул мелдеш салт катары улантылып, келеркиси түштүк аймактык казыяттары тарабынан өткөрүлөрү маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM