Биз менен байланышыңыз

4 айда 4,7 миң салык төлөөчүлөрдүн мыйзам бузуулары катталды

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 389 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2-майга карата Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык «Бузуулардын бирдиктүү реестрине» жалпы айып пулу 10,8 млн. сомду түзгөн салык төлөөчүлөрдүн 7 миң 766 мыйзам бузууларын каттады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Жалпы мыйзам бузуулардын ичинен салык салуудан качкандыгы жана бухгалтердик эсепти бурмалагандыгы үчүн айып пулу 4,6 млн. сомду түзгөн 703 протокол; Бирдиктүү салык декларациясын бербегендиги жана салык төлөбөгөндүгү үчүн айып пулу 3,8 млн. сомду түзгөн 2 миң 410 протокол; көзөмөл-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн айып пулу 1,7 млн. сомду түзгөн 1 миң 156 протокол түзүлгөн.

Ошондой эле, социалдык камсыздандырууга байланыштуу документтерди жана төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн айып пулу 246 миң сомду түзгөн 150 протокол; социалдык камсыздандыруу органдарына катталбастан экономикалык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн айып пулу 185 миң сомду түзгөн 185 протокол; документтердин сакталышын камсыз кылбагандыгы үчүн айып пулу 169 миң сомду түзгөн 77 протокол; бузук көзөмөл-кассалык машинаны пайдалангандыгы үчүн айып пулу 109 миң сомду түзгөн 81 протокол түзүлдү.

Эске салсак, ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, салык органдары салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн салык төлөөчүлөргө администрациялык айып салат. Мындагы бардык тартип бузуулар «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системине катталат.

Copyright © 2017 Maral FM