Биз менен байланышыңыз

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Президенттин фондунан 7 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 529 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине кошумча бир жолку төлөнүүчү социалдык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөгө президенттин резервдик фондунан 7 миллион 91 миң сом бөлүндү.

Акчалай жөлөкпул Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жетелек туткуну болгондорго, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга, «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» төш белгиси менен сыйланган адамдарга берилди.

20-апрелге карата алынган маалымат боюнча, учурда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 350 ардагери жашайт.

Кошумчалай кетсек, Президенттин 2009-жылдын 13-ноябрындагы Жарлыгынын негизинде, 2010-жылдын 1-январынан баштап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөнөт, анын өлчөмү — бир айга 7000 сом. Ошондой эле, Президенттин 2010-жылдын 28-январындагы Жарлыгынын негизинде, 2010-жылдын 1-январынан баштап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү үчүн өмүр бою берилүүчү Президенттин стипендиясы берилет. Стипендиянын өлчөмү — ай сайын 10 000 сом.

Жеңиш күнүндө согуштун ардагерлерине жылына Өкмөт тарабынан 15 000 сом бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул берилет.

Жеңиш күнүндө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2019-жылы согуштун ардагерлерине 15000 сом бир жолку жөлөкпул берилет.

Copyright © 2017 Maral FM