Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Азыр да Жээнбеков тараптамын

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2019 | 602 | 0

Cаясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков менен бирге реформа кылууга даяр экенин билдирди.

«Азыр да Жээнбеков тараптамын. Аны менен үй-бүлөлүк башкаруу системасынан арылуу багытында реформа кылабыз. Учурда биз менен ачык кызматташкан жалгыз президент болуп жатат. Ал мени менен сүйлөшүп жатканда, «Реформага барам, бирок мени шаштырбай тургула», — деди. Мындан сырткары, «Силер гана идея менен келип жатасыңар, башкалар бийликке келүүнүн жолунда, мен силерди өзүмдүн оппозициям катары көрөм», — деди», — дейт Бекназаров.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бийликте президент өзү жалгыз. Ал өз командасын, бийлигин түзө алган жок. Мындан улам, Жээнбеков реформага барууну кааласа да, айланасындагылар жолтоо болот.

«Президент өзү ушунчалык жалгыз… Ага шайлоо сиситемасын өзгөртөлү деп айтып жатам. Эгерде Жээнбеков 2020-жылга чейин шайлоо системасын өзгөртө албаса, мурдагы 4 президенттин кейпин кийет», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM