Биз менен байланышыңыз

Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймактар менен таанышты  

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 494 | 0

Бүгүн, 2-майда Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Акжол айыл аймагындагы Чалма участкасындагы жер астынан чыккан суулар коркунуч жараткан жерди барып көрүп, ачык типтеги дренаж казып чыгуу зарылчылыгы бар экенин белгилеп, тийиштүү тарапка тапшырма берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган аймакка жергиликтүү бийликтен техника тартылып, ал эми министрликтен күйүүчү-майлоочу каражаттар бөлүнүп берилет.

Андан соң, Министр Кара-Суу айыл аймагынын Топ-Жаңгак участкасындагы Кожо-Ата дарыясындагы көпүрөнүн абалы менен таанышып, оңдоо үчүн техникага күйүүчү-майлоочу май бөлүп берүүнү, ошондой эле, дарыянын оң жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүүнү ӨКМдин тиешелүү башкармалыктарынын башчыларына тапшырды.

Мындан тышкары, Кызыл-Туу айыл аймагынын Жылгын айылындагы Кожо-Ата дарыясын бойлой жайгашкан турак жайларга кооптуу болгон участкаларды карап, ӨКМдин «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» агенттигинин директору Сапарбек Бакиевге тосмо куруу иштери боюнча долбоор түзүп, ӨКМдин 2020-жылдагы алдын алуу иш-чараларынын мерчемине киргизүүгө сунуштоо тапшырмасын берди.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 30-апрелинен тартып, министр Жалал-Абад облусунун аймагындагы сел, суу ташкындары, жер көчкү болуп кетүү кооптуулугу бар аймактарды кыдырып, аткарылып жаткан иштерди жеринен көзөмөлдөп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана кооптуу аймакта жашап жаткан жарандар менен жолугуу үчүн иш сапарда жүрөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM