Биз менен байланышыңыз

Кубатбек Боронов: Уран кенин казуу иши токтотулган

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 554 | 0

Ысык-Көлдүн Кызыл-Омпол айылында уран кениндеги жумуштар толугу менен токтотулду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.

«Азыркы учурда Кызыл-Омполдо жайгашкан уран кениндеги жумуштар толугу менен токтотулган. Анда колдонулган техникалардын баары чыгарылып кетти. Ал жердеги «ЮрАзия» компаниясы Кыргызстанда 2004-жылы катталган. Анын кенди иштеткен лицензиясы жок экен. 2010-жылы кенди чалгындоо үчүн лицензия алган, ал 2020-жылга чейин жарактуу. Бирок, жаӊыдан лицензия алмайынча, кенди иштете албайт», — деди ал.

Бүгүн Парламентте Кыргызстандын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулууда.

Copyright © 2017 Maral FM