Биз менен байланышыңыз

Казакпаев: Финполдун Раим Матраимовдун мүлкүн текшергенинен натыйжа чыкпайт

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 881 | 0

Саясат талдоочу Марат Казакпаев бажы тармагында ири коррупциялык иштерге шектелген Раим Матраимовдун мүлкүн текшерүү боюнча финансы полициясынын иши аягына чейин чыгарынан күмөн санайт.

Мындай пикирин саясат талдоочу «Маралга» бүгүн билдирди.

Раим Матраимовдун мүлкүн текшерүү боюнча финансы полициясынын иши аягына чейин чыкпайт.

«Финансы полициясы азыркыга чейин коомчулукту дуулдаткан бир да ишти ачып көрсөтө элек. Раим Матраимов боюнча ишти да аягына чыгара албаса керек? Ошондуктан, бул ишти Улуттук коопсуздук комитети, Коопсуздук Кеңеши караса, ошондо бир жыйынтык чыгышы мүмкүн деп үмүт кылса болот», — деди Марат Казакпаев.

Copyright © 2017 Maral FM