Бүгүн, 1-майда Эмгек күнүнө карата Кыргызстандын өндүрүш ишканаларын жарнамалаган автопарад болуп өттү. Ага 40тан ашык жергиликтүү компания катышты.
Автопарадга чыккан унаалар Фрунзе-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинен баштап, Абдрахманов, Байтик Баатыр, Түштүк магистраль, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, Курманжан датка көчөлөрү, Чүй проспекти аркылуу Жеңиш багына чейин келишти.
Бир жарым саатка созулган параддан соң, Жеңиш багында атайын жарманке уюштурулуп, анда компаниялардын өндүрүмдөрү көргөзүлдү.