Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Эмгек майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 1 мая 2019 | 701 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда 1-Май майрамы — эмгекчилердин укуктарын коргоо менен бирге элибиздин ынтымагын бекемдөөгө өз салымын кошуп келерин белгилейт.

«Эмгек ар кыл жаштагы жана көз караштагы адамдарды баш коштурат. Биз өмүрүнүн күлгүн курагын бакубат өлкөнү курууга жумшаган улуу муундагы ардагерлерибиздин өрнөгүнө таазим кылабыз.

Кийинки муундар өлкөбүздүн жаркыраган келечеги үчүн жаратмандык менен чогуу эмгектенебиз.

Бүгүнкү эмгек майрамы ар бирибизге кубаныч тартуулап, күч-кубат берсин!» — деген мамлекет башчысы бардык кыргызстандыктарга жадыраган майрамдык маанай, тынчтык жана эмгектеги албан ийгиликтерди каалайт.

Copyright © 2017 Maral FM