Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Эмгек майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 804 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда, бардык ийгиликтерге талыкпаган эмгек менен гана ээ болууга мүмкүн экендигин айтып, өлкөнүн өнүгүүсү, бүгүнкүсү жана келечеги — табигый ресурстарга, жаратылыш байлыгына гана эмес, эмгек адамынын аракетине негизделгенин айткан.

-Биздин мамлекетибизде адам ресурсун өнүктүрүү, эмгек адамын даңазалоо — ар дайым маанилүү багыт бойдон кала берет. Жалпы дүйнө жүзү боюнча ишмердүүлүк кыскарган азыркы учурда эмгектин баркы, эмгек менен гана жашообуз мазмундуу экени дагы бир ирет даана көрүндү. Замандын жаңы талаптарына татыктуу жооп бере алган коомду, өнүккөн мамлекетти куруу үчүн бирге аракет жасап, чогуу эмгек кылалы , — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Мамлекет башчысы ошондой эле кыргызстандыктарга ден соолук, бакты-таалай, ийгиликтерди каалаган.

Copyright © 2017 Maral FM