Биз менен байланышыңыз

Караколдо эмгек күнүнө карата көчөттөр отургузулду

Кыска кабар | 1 мая 2019 | 574 | 0

Бүгүн, 1-май — Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнүнө карата Караколдо салтанаттуу майрам белгиленди. Майрамдын урматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ийне жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрүн отургузду.

Анда Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов: «Бул күн эмгектин үзүрү жана анын натыйжалары менен сыймыктана ала тургандардын майрамы»,-деп белгиледи.

Ошондой эле, шаардын 150 жылдыгына карата 25 миңден ашык гүл отургузулары маалым болду. Айтсак, шаардын борбордук саябанына 2,5 миң роза, жалпы айланага 20 миң даана 1 жылдык гүл, 2 миң даана көп жылдык гүл отургузулат. Андан сырткары, жаңы салынган жол тилкелерге 450 миң чарчы метр жерге газон эгилип, 400 ийне жалбырактуу бак отургузулары пландалууда.

Учурда шаар тургундары жана коноктору үчүн сейил бактарда ар кандай иш-чаралар өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM