Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Орусия коргоонуу жаатында кызматташууну улантат

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 584 | 0

Орусия аскердик даярдык боюнча Кыргызстанга көмөк көрсөтөт. Мындай билдирүүнү Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда айтты.

Анын айтымында, Кыргызстандын офицер, курсанттары Орусиянын жогорку аскердик окуу жайларынан билим алышып, теория жана практикалык жактан кесиптик даярдыкта мыкты болушат.

«Орусиянын Коргоо министрлигинин офицерлери биздин офицерлерге мыкты жардам көрсөтүп келет. Эки жылдан бери биргелешкен командалык-штабдык машыгууларды, түрдүү багыттагы тренингдерди өткөрүп келебиз. Биз өз ара аракеттенүүбүздү мындан ары да кеңейтүүгө даярбыз», — деди Райымберди Дүйшөнбиев.

Copyright © 2017 Maral FM