Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков SINOMACH корпорациясына барды

Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 441 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Кытайдын SINOMACH корпорациясына барды жана башкармалыктын төрагасы Чжан Сяолун менен жолугушту. Корпорациянын экспозициялары менен таанышуу максатында бир аз экскурсия жасады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Чжан Сяолун корпорациянын чет өлкөлөрдөгү инвестициялык долбоорлорго катышуусу жөнүндө айтып берди. Ал кыргыз тарап менен кызматташтыкты жөнгө салууга жана бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

«Сиздин визитиңиз биздин компаниянын Кыргызстан жана анын аймактары менен байланышын жөнгө салууга өбөлгө болот», — деди Чжан Сяолун.

Мамлекет башчысы Кытай менен достук жана ынак кошуналык мамилелерди өнүктүрүүгө Кыргызстан өзгөчө маани бере турганын баса белгиледи.

«Кыргыз тарап сиздер менен айыл чарбасы, энергетика, тоо-кен өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы жана туризм сыяктуу тармактарга түз инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстанда калктын 60 %дан ашыгы айыл жеринде жашай турганын баса белгилеп, айыл чарба чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу маселесине  чоң  көңүл бурула турганын айтып, мамлекеттик органдар тийиштүү долбоорлорду ишке ашырууга зарыл болгон бардык жардамдарды берүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, SINOMACH корпорациясы дүйнөдөгү 500 эң ири ишкананын тизмесине кирген Кытайдагы ири мамлекеттик ишканалардын бири болуп саналат.

Корпорациянын туунду ишканасы САМСЕ  Евразия экономикалык биримдигине кирген жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө көптөгөн масштабдуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырды. Анын ичинде Кыргызстанда суткасына 5000 тонна цемент клинкерин өндүргөн цемент заводун куруу долбоору, Кант цемент заводунун мештерин газдан көмүргө өткөрүү долбоору, алтын казуу чөйрөсүндөгү долбоор бар.

Copyright © 2017 Maral FM