Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча 135,4 миң гектар жер айдалып-себилди

Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 551 | 0

Апрелдин башталышына карата жалпы өлкө боюнча 135,4 миң гектар жердин айдоо-себүүсү аяктады, бул жалпы айдоо аянтынын 20,4 %ын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Айдоо-себүү Чүй облусунда 61,1 %, Ош облусунда 16,3 %, Баткен облусунда 10,6 % жана Жалал-Абад облусунда 9,9 % аткарылды.

Айдалган жердин 46,1 %ына — арпа, 34 %ына —  буудай, 15,7 %ына — беде-эспарцет, 9,3 %ына — жашылча, – 8,6 %ына — май өсүмдүктөрү жана 6,4 %ына — картошка себилди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматына караганда, 26,3 миң тонна буудай үрөнүнө болгон муктаждыктан республикада быйылкы жылдын 1-апрелине карата керектүү сандын 95,8 %ы гана камсыздалды. 25,2 миң тонна буудай үрөнүнүн ичинен быйылкы жылдын апрелинин башына карата 16,5 миң тоннасы гана текшерилип, анын 16,4 миң тоннасы сапатка толук жооп берет (кондициялык) деп табылды.

Ошондой эле 39,1 миң тонна көлөмдөгү дизелге болгон муктаждыктан республикада быйылкы жылдын 1-апрелине карата керектүү сандын 77,7 %ы гана камсыздалды.

 

Copyright © 2017 Maral FM