Биз менен байланышыңыз

Президент статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 488 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, мамлекеттик статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы мамлекеттик статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бардык өлкөлөрдүн Өкмөттөрү үчүн статистиканын ролу өсүп жатканына токтолуп, ар бир статисктика кызматкерине алдында турган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга ишенимин билдирип, ийгиликтерди каалады.

«Санариптик экономикага өтүү шартында Кыргызстандын статистика кызматкерлерине чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө. Мамлекеттик статистика системасын, статистикалык жана административдик баштапкы маалыматтарды санариптик трансформациялоо, санариптик инфраструктураны жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарында санариптик платформаларды өнүктүрүү — бул бүгүнкү күндүн эң негизги милдеттери. Баарыңыздарга чын ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык жана мамлекеттик жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм,»-деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчы мамлекеттик статистика кызматкерлерин алдында 2020-жылы калкты жана турак-жай фондун каттоону уюштуруу жана мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча маанилүү милдет турарын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM